Депутат Нурбек Сыдыгалиев Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу боюнча коррупциялык иштерди карап коюуну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бул боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи.
"Мен бир аз толкунданып жатам. Себеби 9 жылдан бери Жогорку Кеңештин отурумуна келе элек экем. Мага бир аз ыңгайсыз болуп жатат. Садыр Жапаров президент болуп келгенден баштап коррупция маселеси көтөрүлдү. Ар бир адам коррупцияга малынган болсо анын ээлеген ордуна карабастан, кимге караштуу болгонуна карабастан жоопко тартабыз. Биз муну баштадык. Бул жерде өтө көп мамлекеттик кызматкерлер бар. Жол боюнча 3-4 чоң коррупциялык иштер каралып жатат. Бул маселелер жөн калбайт. Ар бирин карап чыгабыз, ким уурдаса мамлекетке кайтарабыз. Түндүк-Түштүк жолу боюнча каралып жатат", - деди ал.