"Ташиев же Финансы полициясы тоскоолдук кылып жатабы?". Депутат Бекешев Улукбек Мариповго суроо берди

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Анда депутат Дастан Бекешев Улукбек Мариповго "5 миң 600 сомго жашап көрө аласызбы?" деген суроо узатты.

Марипов: "Андай акчага жашаса болот бирок кыйын. Сурооңузду түшүнүп турам. Жашоо минимуму жөнүндө айтып жатасыз", - деди.

Депутат: "Анда эмнеге элди алдап жатабыз. Мынча акчага жашаса болот деп жатасыңар. Түзүмдү алмаштыруу, экинчи референдумду өткөрүү менен алек болуп жатабыз. Бизде саясат эле болуп калды. Азык-түлүктөрдүн баасы өсүп жатат, айлык өспөй эле. Качан мугалим, почта кызматкерлеринин жана башкалардын айлыгы көбөйөт?" - деп сурады.

Марипов: "Качан баарыбыз биргеликте өндүрүшкө тоскоол болбой, жеке бизнести коргоогондо иш алдыга жылат", - деп жооп берди.

Бекешев: "Ташиев же Финансы полициясы тоскоолдук кылып жатабы?" деп сурады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан