Тилек Токтогазиев айыл чарба министри кызматынан кетип жатып, командасына ыраазычылык билдирип, мындан ары да реформаларды жүргүзүүгө чакырды.
Ошондой эле ал чек арада коррупциялык схема терең тамыр жайганын, анын кесепетинен миллиарддаган каражаттар мамлекеттик бюджетке түшпөй жатканын билдирди.
"Биз команда менен иштеп турганда өтө көп иштер кылынды десем жаңылышпайм. Мисалы, бизге Монголия өлкөсүнөн учак менен бодо малдар өтө арзан баада алынып келип жатты. Бул жерде ветеринардык жана карантиндик эрежелердин так сакталуусуна маани бердик. Биз ошол себептен Сокулук районунан жерди трансформация кылуу боюнча иштерди баштаганбыз. Эми бул нерсени мындан ары өнүктүрүп кетүү керек. Чет өлкөдөн бодо малдарды алып келүү биздин жарандардын акча каражатын табышына, мындан ары эттин баасынын калыпка түшүүсүнө жана баанын дагы да көтөрүлүүсүнүн алдын алуу болду. Эт маселеси боюнча биз тарапка ар кандай сын-пикирлер айтылып жатты. Эгер мени көрүп калышса, "ай, эт качан арзандайт" деп сурашат, биз бул көрүнүшкө жоопкерчиликти алып, иштерди баштаганбыз.
Биз аткезчилик боюнча билдирдик, коррупцияны айтып чыктык. Бизде чек арага байланышкан көптөгөн маселелер бар, фактылар да бар. Ошолордун кесепетинен мамлекеттик бюджетке миллиарддаган акча түшпөй жатат. Мисалы унду пескоблок деп көрсөтүп алып кирип жаткандарды айттык. Бул ун боюнча эле бизге миллиарддаган каражат түшпөй жатат. Ал эми бодо мал боюнча айта турган болсок, бир күчү бар депутаттар калкалашат балким... Биз бул жерге кандайдыр бир саясий күчтөргө кызмат кылганга келген эмеспиз, биз элге кызмат кылабыз деп ант бергенбиз. Бизде коррупцияга байланыштуу арыздар боюнча маалымат базасы бар. Далилдерди чогултууга убакыт жетишпей калды ошондуктан мен дагы көп нерсени айта албайм", - деп билдирди Токтогазиев.