Концерттердин афишаларында жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма” деп милдеттүү түрдө жазыла турган буйрук чыкты

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругуна ылайык, эми маданият мекемелеринде тартууланып жаткан концерттердин афишаларында жана билеттеринде “жандуу үн” же “фонограмма менен” деп милдеттүү түрдө жазылышы керек. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул буйрук Кыргыз Республикасынын “Фонограммалар жөнүндөгү” мыйзамын аткарууга жана керектөөчүлөрдүн (көрүүчүлөрдүн, угуучулардын) укуктарын коргоо жана музыкалык искусствону өнүктүрүү максатында, ошондой эле, чыгармачылыкка ынтызар болгон аткаруучулардын дараметин өнүктүрүүгө, аларды калың катмарга таанытуу багытын көздөп ишке ашып жатат”,- дейт Нуржигит Кадырбеков.

Мыйзамдын 4-беренесинин 3-пунктуна ылайык, фонограммалардын түрлөрүн билеттерде, афишаларда, жарнактарда жана башка нерселерде көрсөтпөстөн, маданий-массалык иш-чараларда музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын кызмат көрсөтүүсүнө жол берилбейт.

Буга чейин Маданият министрлигинде фонограмманы колдонуу ыкмасы, анын таасири жана жандуу үн темасы Кыргыз маданиятынын бир катар өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу болуп, ал колдоо тапкан.

Чүйдө 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип атасы кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Yahoo
2021-02-03 14:55:25
Бесерендеп бийлеп ырдагандар Кайрат кыргыз,Съезбек сыяктуулар эми бийлей албай калышабы ошондо?)))
+12
al-abu-kinesz
2021-02-03 15:11:48
Секире албай калышат экен да эми. 3-4 ыр менен концерт бутту болобу.
+9
bond
2021-02-03 15:14:21
Эми чыныгы таланттар баалана башталат.
+11
Aiymkan89
2021-02-03 15:27:30
Молодец Нуржигит байке
+13
Lina2020
2021-02-03 23:55:50
Aiymkan89, Агайды да кетиришти жөн турбай.(
+9
nazarnew
2021-02-03 15:44:30
Чынын айтканда Атабеков, Сатылганова жана башка улуу акындардан башка, майда лампочкалар эми оптом тазаланат экен да.
+6
futboler
2021-02-03 16:18:53
Эң туура
+5
altinbe
2021-02-03 16:19:57
ээ бул жон эле айтылган соз.акча ойнойт бизде.бул жон эле спектакль
-5
pochtalyonin
2021-02-03 16:35:46
Дайыр Исмадияров покинул чат )))
+12
Yahoo
2021-02-04 10:38:47
pochtalyonin,
Ахахах в точку))))
0
D.I.D.
2021-02-03 17:45:06
Анжелика,Айдана Дека,Асель Кадырбекова,Дайыр Исмадияров,Сагын Эргешов,Айзада Жамгырчиева,Жан Сабыров өңдүү майда чүйдөлөр акыры жоголот экен да
+14
max-bek
2021-02-04 07:04:14
D.I.D.,+++ Салтанат Шекенова биринчи жоголот
+1
Ainagul-
2021-02-03 18:37:42
Туура кылыптыр,колдойм
+6
max-bek
2021-02-04 07:05:55
Биздин ырчылардын жандуу ун менен болгон концертин коргончо.уйдо кароеке менен озун ырдаган жакшы.
0
supish2017
2021-02-04 08:05:27
Ырчылардын "чимкириктери" эми билинет.
Теледен коруп алып тан каласын ушуларды кантип телеге чыгарат деп.
+1
shahlet
2021-02-04 15:47:12
МузТВдан туз эфирде бир ырчыны ырдап кой дегенде ырдай албай калган, фонограмманын пайдасыда ошол дагы
0
Nursul
2021-02-04 19:40:08
shahlet, антип көп ырчылар ырдай албай койгон. Баары эле чыкканда оорукчан болуп ооруп атам тамагым ооруп атат деп кутулушкан.
0
Nursul
2021-02-04 19:38:31
Нуржигит Кадырбековду да иштен алышса анда бул ишке ашпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан