Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлерине ок чыгарган шектүү кармалды

Ош облусунун Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерине курал менен кол салган жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-февраль күнү Ош ОИИБинин жана Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлери тарабынан тынымсыз жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 2021-жылдын 13-январында Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлерине ок атуучу курал менен кол салган жаран кармалды.

"Кылмышка шектүү Кара-Кулжа районунун Биринчи-Май айылынын тургуну 46 жаштагы У.А. тергөө кызматына алынып келинди. Тергөөдө шектүү көп жыл мурун милиция кызматкерлери менен жеке пикир келишпестик окуяны эстеп, мыйзамсыз алып жүргөн ок атуучу куралын алып келип түн ичинде кызматкерлерди атып жибергендигин айткан. Түнү менен үйүнө кайтып келип, кийип жүргөн кийимин жана мылтыгын үйүндөгү мешке жагып жиберген. Учурда Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан