Нарында митинг аяктады. Чогулагандар талаптары аткарылышы үчүн бийликке 10 күндүк мөөнөт беришти

Бүгүн, 8-октябрда Нарын шаарынын борбордук аянтында өткөн митинг аяктап, чогулгандар тарашты. Алар талаптарынын аткарылышы үчүн бийликке 10 күндүк мөөнөт беришти. Талаптары: Бийик тоолуу аймак катары Нарын облусуна берилген 50 пайыздык жеңилдикти жоюуну токтотуу жана өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун кызматтан кетиши. Топтолгондор эгер талаптары аткарылбаса, 10 күндөн кийин кайра митингге чыгышарын айтышты. Алар облус калкы буга чейин коммуналдык кызматтар үчүн 50 пайыздык жеңилдиктерди, айлык маяна үчүн кошумча төлөмдөрдү алып келишкен. Бирок Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бул жеңилдикти жоюу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштаганын айтып нааразычылык билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан