УКМКнын төрагасы Ташиев депутат Бокоевге: "Өкмөттүн жаңы курамында коррупцияга шектелгендер болсо ачык айтыңыз"

Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов тааныштырып жатат.

Депутат Кенжебек Бокоев Талас-Тараз-Суусамыр жолу качан бүтөрүн сурады.

Транспорт, архитектура жана коммуникациялар министри кызматына сунушталып жаткан Гүлмира Абдралиева кат түрүндө жооп берерин айтты.

Бокоев: "Аталган жолдун 1 чарчы метри 800 миң доллар менен бүтүп жатат. 25 жылдан бери бүтпөйт. Коррупциянын чордону ошондой жерлерде жатат. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар. Өкмөт мүчөлөрүн карап, коррупцияга тиешеси жоктугу боюнча УКМК такташ керек. Программаларыңарда уюшкан кылмыштуулукту жок кылам, коррупцияга каршы күрөшөм деп жүрөт. УКМКнын төрагасы коркпостон ошону айтты. Баа берем. Жергиликтүү кеңешке чейин уюшкан кылмыштуулук аралашып кетти. Эшикте люстрация деп митинг өткөрүп жатышат. Люстарцияны кантип жасайбыз. Ушул жерде сунушталып жаткан өкмөт мүчөлөрүнүн арасында люстрацияга илине тургандар бар беле? Саясий кызматтарга люстрациядан өткөрүп анан койгулачы", - деди.

Улукбек Марипов сунуштарды жазып алганын, эске алына турганын айтты.

Ташиев: "Ачык ким экенин фамилиясы менен айтыңыз. Коррупцияга шектелгендер болсо айтыңыз", - деп Бокоевге кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан