Долбоордун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев жана башкалар.
Долбоордун демилгечилери Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Абдывахап Нурбаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев жана башкалар.
Демилгечи депутаттар мындай жол менен билим берүү системин жакшыртуу максатын көздөп жатканын белгилеп жатышат.
Мыйзам долбоорунун максаты мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин тандоо жана кесиптик ишмердүүлүгүн баалоо тутумун жакшыртуу болуп саналат.
Демилгечи топтун баш сабында турган Абдывахап Нурбаев мыйзам жогорку окуу жайлардын ректорлоруна эмес, мектеп директорлоруна тиешелүү экенин SUPER.KG порталына билдирди.
Дал ошол Нурбаев айткан эксперттик топтун катарына кирген билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кеңешчиси Догдүргүл Кендирбаева директорлук кызмат саясатташып кеткенин айтып, бул долбоор көп талкууланганын айтты.
Конкурстун жана аттестациялоонун жол-жобосун иштеп чыгуу өкмөттүн компетенциясына кирет.
“Билим берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 2003-ж. №8, 323-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда сегизинчи абзац менен толукталсын:
“Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо – алардын кесиптик компетенттүүлүгүн, билим берүү уюмдарын эффективдүү башкаруу деңгээлин аныктоо боюнча мезгил-мезгили менен өткөрүлүп туруучу процедура;”;
2) 38-берене төмөнкүдөй редакцияда 4-бөлүк менен толукталсын:
“Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин дайындоо (мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилеринен тышкары) Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан бекитилген тартипке ылайык конкурстук негизде жүргүзүлөт”.
V глава төмөнкүдөй редакцияда 381-берене менен менен толукталсын:
“381-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоо.”
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери ар беш жыл сайын аттестациядан өтөт. Аттестация Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан өткөрүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилерин аттестациялоону жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин дайындалган Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын жетекчилери ээлеген кызматына дайындалган убактысына карабастан аттестациядан өтөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик-укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.