Караколдогу митингде жаракат алып ооруканада жаткандар Бишкекке которулат
Караколдо 7-октябрда өткөн митингде жаракат алып, учурда облустук ооруканада жаткандар бүгүн, 8-октябрда Бишкектеги улуттук госпиталга которулат. Муну аймактык кабарчыбыз Жаннат Туратбеков билдирди. Ысык-Көл ОИИБинин 3 кызматкери учурда облустук оорукананын травматология бөлүмүндө жатат. "Жаракат алган Камал Каримбердиев менен Улан Карыгулов 7-октябрда облус башчы Эмилбек Капатагаев барымтада отурган унаага бензин чачылганда аны куткаруу учурунда жаракат алышты. Алар жарандык кийимчен болушуп унааны өрттөбөөгө аракет кылышкан. Митингчилер алардын милиция кызматкерлери экенин билишип таш бараңга алышыптыр. Соккудан алар баш сөөктөн жаракат алышып, кан тамырлары жарылып кеткен. Ал эми жаракат алган митингдин катышуучусу Каныбек Байгожоевооруканада жаткан жеринен качып кетиптир. Бүгүн 3 милиция кызматкери облустук ооруканадан Бишкектеги улуттук госпиталга которулат",- деди Ысык-Көл облустук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Сыдык Чолпонбаев.