Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык:
— Максат Мамытканов вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
— Эльвира Сурабалдиева вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
— Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулду;
— Бактыбек Аманбаев өкмөттүн аппаратынын жетекчиси — министрдин кызматынан бошотулду;
— Кыялбек Мукашев Финансы министринин кызматынан бошотулду;
— Марат Жаманкулов Юстиция министринин кызматынан бошотулду;
— Санжар Муканбетов Экономика министри кызматынан бошотулду;
— Тилек Токтогазиев мурда дайындалган Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин кызматынан бошотулду;
— Бакыт Бердалиев Транспорт жана жолдор министри кызматынан бошотулду;
— Нуржигит Кадырбеков Маданият, маалымат жана туризм министри кызматынан бошотулду;
— Ализа Солтонбекова Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматынан бошотулду;
— Эрлис Тердикбаев Мамлекеттик коргоо комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;
— Жыргалбек Сагынбаев Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду;
— Алтынбек Исмаилов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.