Бүгүн, 3-февралда Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сот процессине келе алган жок.
Мындан улам Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароо процесси 17-февраль саат 14:00гө жылдырылды.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына жактоочу Замир Жоошев билдирди. Айтымында, Атамбаев дарылоого муктаж, эгер ал дарыланбаса, кийинки отурумга да келе албашы мүмкүн.
Сот ишти карап жаткан учурда имараттын сыртында Алмазбек Атамбаевдин бир нече тарапкери митинг өткөрүшүп, аны үй камагына чыгарууну талап кылышты.
Райондук сот Атамбаев жана башка адамдарга карата козголгон бир нече кылмыш ишин ноябрдан бери бириктирип карап жатат. Алар - Кой-Таш окуясы, Кой-Таштагы жер тилкеси, Бишкек ЖЭБиндеги жемкорлук боюнча кылмыш иштери.
Бул иштерде мурдагы президент менен кошо күнөөлөнүп жаткандардын арасында издөөдө жүргөн экс-мэр Албек Ибраимов, мурдагы депутат Аскарбек Шадиев да бар.
Мындан тышкары Атамбаевге карата мыйзамдагы ууру атыккан Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча иш да сотто каралып жатат.
Былтыр июнда ал “Батукаевдин кылмыш иши” боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кесилген.
Жактоочулардын суранычынан кийин Жогорку Сот 30-ноябрда бул ишти кайра караш үчүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. 10-декабрда соттун биринчи отуруму өткөн.
Белгилей кетсек, Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу ноябрь айынан бери сот отуруму бир нече ирет жылдырылды. Өткөн жылдын декабрь айында ал сотко катышкан, бирок андан кийин процесске келе албай калды.
14-январда сот Атамбаевдин баш коргоо чарасын өзгөртпөй койгон.