Бүгүн, 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.
"Былтыркы жыл оор жыл болду. Өткөн жылдын октябрь окуясында Жогорку Кеңеш позитивдүү роль ойноду. Мени бир эмес, үч жол колдоп бердиңиздер. Бул үчүн ыраазычылык билдирем. Бизди оор сыноолор күтүп жатат. Биздин алдыбызда экономиканы турукташтыруу маселеси турат. Тез арада программа иштеп чыгышыбыз зарыл. Биз башкарууну оптималдаштыруубуз шарт. Кадр саясатын жаңыча жүргүзүшүбүз зарыл. Реформаларды ар бир тармакта жүзөгө ашырабыз. Өкмөт мүчөлөрүнүн моюнуна чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Баарыңыздардын ишиңиздерге ийгилик каалайм", - деди ал.