Караколдогу баш аламандык боюнча президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 8-октябрда күч органдарынын жетекчилери менен жолугушуп, абалды талкуулашты. Президенттик аппараттан билдиришкендей, өлкө башчы бул окуя боюнча бардык иш мыйзам чегинде жүрүп, күнөөлүүлөр жазаланышы керектигин айтты. "Айрым топтордун жана алардын артында турган саясатчылардын өз талаптары менен кызыкчылыгын таңуулоосуна жол бербеш керек. Кыргызстанда туруктуулук менен тартип болушу зарыл",- деди Атамбаев.
Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылып турушту.