Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу кырдаалды талкуулашты

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкектеги абанын булганышына байланыштуу кырдаалды талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө депутат Бактыбек Турусбеков токтом дээрлик аткарылбай жаткандыгын, ышка каршы чаралар күтүлгөндөй натыйжа бербегендигин белгиледи. Депутат Абдывахап Нурбаев күйүүчү-майлоочу майлардын сапатын жакшыртуунун зарылдыгына көңүлдөрдү бурду.

Өз кезегинде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин төрагасы Нурбек Алимбеков бул теманын актуалдуулугун айтып, өкмөттүн жаңы курамы бекитилгендигинен улам баяндамачы жок экендигине байланыштуу аны талкуулоону парламенттин кийинки кеңешмесине калтырууну сунуштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан