Нарын. Өкмөттүн ишине каршы митинг өттү

Нарын шаарынын борбордук аянтында бүгүн, 8-октябрда митинг өттү. Талаптары: Бийик тоолуу аймак катары Нарын облусуна берилген 50 пайыздык жеңилдикти жоюуну токтотуу, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкуловдун кызматтан кетиши жана "Кумтөрдөн" түшкөн пайданын 1 пайызынын Нарын облусуна бөлүнүп берилишин ишке ашыруу. Топтолгондор эгер талаптары аткарылбаса, 10 күндөн кийин кайра митингге чыгышарын айтышты. Алар облус калкы буга чейин коммуналдык кызматтар үчүн 50 пайыздык жеңилдиктерди, айлык маяна үчүн кошумча төлөмдөрдү алып келишкен. Бирок Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги бул жеңилдикти жоюу боюнча мыйзам долбоор иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштаганын айтып нааразычылык билдиришти.  

Белгилей кетсек, буга чейин экономика министри Темир Сариев "Кумтөрдөн" түшкөн каражаттын 1 пайызы Нарын облусунун элине жардам катары бөлүнө тургандыгын айткан. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан