Депутат жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот дегенде башка үйлөргө каттоого турган жарандарга жардам берүү керектигин айтты

Депутат Самат Исманов жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот дегенде башка үйлөргө каттоого турган жарандарга жардам берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"2020-жылы жергиликтүү кеңештердин шайлоосу өтмөк, бирок пандемияга байланыштуу өтпөй калган. Ошол убакта айрым шаарларда миңдеген шаарларга жакын жайгашкан айылдардан адамдарды каттоого тургузушкан. Ошол адамдардын көбү убактылуу каттоого турушкан. Азыр жарандар каттоодон чыга албай жөлөк пул ала албай, үлүш жерлеринен айрылып калуу коркунучу бар. Чоң көйгөйлөр жаралып жатат. Буга айрым партиялар күнөөлүү, бирок моюнуна алышпайт. Ошол жарандарга жардам берип, каттоодон чыгып өздөрүнүн үйүнө каттоого турууга мүмкүнчүлүк түзүп бериш керек.

Мындан тышкары жергиликтүү кеңештин шайлоосун адилеттүү өткөрүп берүүнү суранабыз", - деди Исманов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан