Жети-Өгүз: Митингчилер Балыкчы-Каракол жолун буушту

Ысык-Көлдө Жети-Өгүз районунун Саруу айылында топтолгондор жол тосушту. "Кумтөр" талабы менен чогулгандар жол жээгиндеги теректерди кыйып, Хонда унаасын аңтарышып, Балыкчы - Каракол унаа жолунун Саруу айылындагы бөлүгүн буушту. Ал жерде 400дөй киши бар, талаптары - "Кумтөр" келишимин денонсациялоо жана укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган саруулуктарды бошотуу. Караколдогу митингден кийин уюштуруучулар деп кармалган 23 кишинин арасында саруулуктар да бар. Эске салсак, 7-октябрда борбордук аянтка чогулган митингчилер түшкө жакын эл алдына чыккан облус башчы Эмил Каптагаевди барымтага алышып, автоунаанын ичинде кармап отурушту. Кечинде тартип сакчылары митингчилерди күчтүү үн чыгаруучу жардыргыч заттар менен кууп таратып, Каптагаевди бошотушту. Митинг "Кумтөр" боюнча өтүп, чогулгандар ишкана боюнча келишимди денонсациялоону талап кылышууда.     
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан