SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Талгак убагындагы кызыктар" деген тема талкууга алынган.
Автордон: "Салам форумчулар бул теманы ачканымдын себеби, боюңарда болгон кезде талгак убакта кандай кызыктар болгон?
Мисалы, мен өзүм жөнүндө айта кетсем. Боюмда жаңы болгон кезде шоколад жегим келип, түнкү саат 11де ушунчалык таттуу жегим келип байкуш жолдошумду уктап жаткан жеринен ойготуп, шоколад алып келдиргем. Шоколадды көргөнүмдөн кийин табитим таркап, жегим келбей калган. Силерде ушундай кызыктуу окуялар болгон болсо жаза кеткиле"
Пикирлер: "Боюнда барлардын көбү тамакка талгак болсо, мен эң жакын адамым күйөөмдү көргүм келбей калган. Күйөөмдү көргөндө, жаныма жакындап мени кармаганда көңүлүм айнып кусуп жүрдүм. Экөөбүз эки бөлмөдө жатып жүрдүк, мен күйөөмдү көргөндө кача турган болуп калганмын. Өзүмө жакындатпай алыстан сүйлөшөт элек. Кээде күйөөм да мага капа болот эле. Мен үчүн ошол күндөр кыйын болгон, 3 ай кыйналдым кийин өтүп кетти, мен үчүн унутулгус күндөрүмдүн бири"
Талкууга кошулуу үчүн бул жерди басыңыз.