Премьер-министр Улукбек Мариповдун бир тууган иниси Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды. Себеби Бакытбек Марипов учурдагы өкмөт башчынын бир тууган иниси болуп саналат.
Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз премьер-министрге баш иет.