Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүсү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Сизди Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришүүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сизге жана кыргыз элине бардык жакшылыктарды каалайм жана өлкөлөр ортосундагы байланыштар мындан ары дагы өнүгүп, бекемделе берет деп ишенем", - деп айтылат куттуктоодо.