Бир тууган инисин акимчилик кызматтан бошоткон премьер-министрдин чечимин Садыр Жапаров колдоду

Премьер-министр Улукбек Марипов бир тууган иниси Бакытбек Мариповду Ноокат районунун акими кызматынан бошотту. Тиешелүү буйрукка премьер-министр кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкан.

Президент Садыр Жапаров Улукбек Мариповдун бул чечими тууралуу билдирүүсүн Телеграм каналына калтырды.

"Туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деп айтылат кыргызда. Туура кадам жасады, премьер-министр", - деп айтылат анда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан