"Сырткы сулуулуктан да, ички сулуулук маанилүү!". Айсулуу Тыныбекованын суктандырган сүрөттөрү

Кыргыз спортчусу, эркин күрөш баюнча Азиянын үч жолку чемпиону, дүйнө чемпиону, ар кандай эл аралык мелдештердеги медалдардын ээси Айсулуу Тыныбекова улуттук көйнөгү менен түшкөн сүрөтүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.

Азыркы тапта балбан кыздын катталуучулары ага көйнөк укмуш жарашканын айтып, жылуу пикирлерин калтырып жатышат.

"Сырткы сулуулуктан да ички сулуулук маанилүү! Бул менин жашоомдун кредосу!"

Айсуулу Тыныбекова ар дайым кооз көйнөк кийип, жаратылыштын коюнунда түшкөн сүрөттөрүн баракчасына жүктөө менен катталуучуларын кубандырып турат. Буга чейин да анын сыя көк түстөгү көйнөгү көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Тыныбекова Кыргыз күрөшүнүн тарыхында биринчи жолу жана Азиянын үч жолку чемпиону аталган.

Ал олимпиадага Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышкан биринчи балбан кыз жана 2016-жылы Азия чемпиону болгон биринчи балбан кыз.

Олимпиада оюндарына биринчи жолу 2012-жылы Лондондо катышкан учурда , ал 19 жашта болчу.
2009-жылдан бери Айсулуу республикалык же эл аралык мелдештерде сыйлык ала элек бир дагы жыл болгон эмес.


Айсулуу Тыныбекова көптөгөн спорттук сыйлыктардан тышкары "Даңк" медалынын ээси, ошондой эле Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын ээси жана 2020-жылы Дүйнө Кубогунун алтын медалын жеңип алган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nurgaz
2021-02-05 10:01:33
Дуйнолук олимпиадада кыргызстанга биринчи алтын медалды ушул кыз алып келет.
+16
nazira...
2021-02-05 10:05:40
Сонун жарашыптыр
+12
Nurmat8921
2021-02-05 10:55:55
Көз тийбесин
+7
AksyKum
2021-02-05 12:42:01
Кыргызымдын эн сулуу айымдарынын бири.Кыргыз сыймыгы Айсулууга данк
+8
muslima-0788
2021-02-05 17:49:24
Атына заты жарашкан супсулуу кыргыздын сыймыктанган кызы Айсулуу.
+2
Abdizhapar
2021-02-06 11:20:19
Супер инфо сыртынан сулуу эмес дегендей кылып коюпсунар го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан