Назарали Арипов, депутат: "Карапайым калк тополоң кылган айрым саясатчылардын курмандыгы болбошу керек"

Парламенттеги "Республика" фракциясынын лидери Назарали Арипов Караколдогу баш аламандык боюнча пикирин билдирди. Депутат кандай гана маселе болсо да мыйзамдуу жол менен чечилиши керек деген ойдо. "Кумтөр" кенинде Кыргызстандын акцияларынын пайызы көбөйсүн деген элдин талабын өкмөттүн эске алышын талап кылабыз. "Кумтөр" боюнча түзүлгөн меморандумду "Республика" фракциясы талкуулап, аны Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын эске алуу менен түзүү зарыл жана аны азырынча убактылуу токтотуп туруу тапшырмасын өкмөткө берди. Долбоор кандай гана шарттар боюнча реструкцияланбасын, ишкананы башкарууну көзөмөлдөөнү колго алуу жана “Кумтөр” долбоорунун ишмердигинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу, экологиялык маселелерди чечүү механизмдерин өзгөртүү шарттары бар",- дейт Арипов.

Депутат карапайым жарандар митинг, пикет, тополоң кылган саясатчылардын курмандыгы болбошу керектигин белгиледи. "Өкмөт нааразылык акцияларына каршы курал колдонбой, кырдаалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салып, элдин камын көрүүгө милдеттүү. "Кумтөр" жалпы Кыргызстандыкы, ал элге кызмат кылышы керек",- деди депутат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан