Фарид Ниязов эки ай тергөөдө, Канат Сагынбаев үй камагында калды

Биринчи Май райондук соту мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагынбаев менен президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын карап чыкты. Ага ылайык, Канат Сагынбаев 17-мартка чейин үй камагында калса, Фарид Ниязов 2 айга чейин тергөө абагында отурат.

Буга чейин үй камагында болгон Сагынбаев соттук отурумга келсе, Фарид Ниязовду алып келишкен эмес.
Алардын жактоочусу Замир Жоошев: сотко айыпталуучу бир гана соттук психотерапиялык экспертизадан өтүп жаткан учурда катыштырбай койсо болот. Фарид Ниязов болсо тергөө абагында жооп берүүгө даяр отурат”,- деп билдирди.

Эскерте кетсек Фарид Ниязов менен Канат Сагынбаев 9-октябрда "Ала-Тоо" аянтындагы массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып менен камакка алынган. Жазык кодексинде 264-берене - “Массалык башаламындык уюштуруу” деген оор айыптардын бири.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Malik92
2021-02-05 14:01:35
Подсудимый деген корей сериалы бар ошону корсонор тушуносунор детектив триллер.
Биздин олкодогу бок курсактардын ооруп калганы жонундо кино.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан