3-февралда Жогорку Кеңеште өкмөттүн жаңы курамы жактырылды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Алмазбек Бейшеналиев 1981-жылдын 2-июнунда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган. Ал 1998-жылы Нарын мамлекеттик университетинин филология факультетине англис тили жана адабияты адистигине тапшырган (окуп жатканда Германияга которулган). 2007-жылы Людвигсбургдагы (Германия) PH-Ludwigsburg педагогикалык университетин (дидактика жана англис тили) аяктаган. Педагогика илимдеринин кандидаты. Тарых илимдеринин доктору.
Эмгек ишмердүүлүгү:
2007-2010-жылдары - Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы;
2008–2010-жылдары - Эл аралык Ала-Тоо университетинин эл аралык мамилелер факультетинин окутуучусу;
2012–2013-жылдары - Вистула университетинин (Варшава, Польша) вице-президенти, Чет тилдер институтунун директору, проректору:
2013-жылы Түндүк Айова университетинин чакыртылган профессору (АКШ);
2013-2014-жылы Джонс Хопкинс университетинде пост-докторантурадан өткөн (АКШ);
2014–2017-жылдары Эл аралык Ала-Тоо университетинин илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору;
2016-2017-жылдары - Джонс Хопкинс университетинин чакыртылган профессору;
2017–2018-жылдары - өкмөттүк аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;
2018-жылы Борбор Азия регионалдык институтунун директору, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору;
2020-жылдын октябрь айынан бери Билим берүү жана илим министри.