Учурда Жети-Өгүз районунун Саруу айылында Балыкчы-Каракол унаа жолун тосуп турган митингчилер 3 талап коюшууда.
1. "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу жана 1993-жылкы келишимге кайтып келүү
2. 7-октябрда Караколдогу тополоң боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жооп берүүсү
3. "Кумтөр" маселеси боюнча бийлик тарабынан кармалган бардык адамдарды бошотуу
Муну митингдин катышуучусу, Кызыл-Суу айылынын Болот (фамилиясын айтуудан баш тартты) аттуу тургуну билдирди.