Президенттин кеңешчиси болуп Равшанбек Сабиров дайындалды

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп Равшанбек Сабиров дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, өлкө башчы кол койгон жарлыкка ылайык, Сабиров Равшанбек Азатович президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.

3-февралда Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, бир нече өкмөт мүчөлөрү ээлеген кызматынан бошотулган. Анда Равшанбек Сабиров вице-премьер-министрдин кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан