Саруу айылында жол тоскон митингчилер Балыкчы-Каракол унаа жолуна туурасынан токтотулган Хонда унаасын өрттөп салышты. Келген 2 тик учак жерге конбой, келген жагына кайра кетти. Учурда саруулук аксакалдар Кызыл-Суу айылына өкмөт өкүлдөрү менен жолугушууга жөнөштү. Митингчилер 3 талап коюшууда.
1. "Кумтөр" келишимин жокко чыгаруу жана 1993-жылкы келишимге кайтып келүү
2. 7-октябрда Караколдогу тополоң боюнча президент Алмазбек Атамбаев менен өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жооп берүүсү
3. "Кумтөр" маселеси боюнча бийлик тарабынан кармалган бардык адамдарды бошотуу