Жети-Өгүз: Митингчилер менен расмий өкүлдөр сүйлөшүү үчүн райадминистрациянын имаратына киришти
Расмий өкүлдөр митингге чыккандар менен сүйлөшүү үчүн Кызыл-Суу райондук администрациянын имаратына киришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Жанат Туратбеков билдирди. Митингди уюштуруп жаткандардын атынан Анаркүл Сыдыкова сүйлөшүүлөргө катышып жатат. Жолугуунун жүрүшүндө Кызыл-Суу районунун акиминин милдетин аткаруучу Беккубат Иманкожоев баш болгон райондук жетекчилик Саруу айылына барып, эл менен жолугушмай болушту. ИИМдин басма сөз кызматынан: "Митинг болуп жаткан жерге жергиликтүү башкармалыктын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барышты. Алар митингди тынч, мыйзам бузууларга жол бербей өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт",-деп кабарлашты.