Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет өлкөгө кетерин айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө кетет. Буга анын саламаттыгы себеп болуп жатканын Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу, кыргыз элим! Мен 6-февралда дарылануу үчүн чет өлкөгө кетем. Профессор дарыгерибиз Калдарбек Абдрамановдун сунушу менен барууга мажбур болуп турам. Менин артымдан ар кандай сөздөрдү айтпастан дуба кылып туруңуздар. Мен силердин жардамыңарга муктажмын. Буюрса, баары жакшы болот. Элибиздин келечеги үчүн бүт өмүрүмдү арноого милдеттүүмүн", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Nuri1988Elim2010
2021-02-05 23:16:35
Сакайып кетиңиз, кудайым дартынызга дабаа, оорунузга шыфаа берсин.
+26
Jelezo
2021-02-05 23:30:24
Тезирээк сакайып кел,келгенден кийин биздин кызыл китепке кирчү сотторубузду,прокурор,МВД жакшылап тартипке чакырбасаң дүйнө жүзүнө уят кылып бүтүштү.Баары эмес жок дегенде 85 пайызы таза эмес.
+19
nurgaz
2021-02-06 01:30:28
Аллаh шыпаа берсин, айыгып кетиниз.
+13
Mirzita81
2021-02-06 02:07:23
Кыргыздын мыкты чыгаан уулдарынын бирисиз оорубаныз уйбулонуздун кыргыз элине аман кайтып келиниз Аллахым шыфаа берсин..Оомин
+11
algakaray
2021-02-06 02:34:21
Оорусаныз таарынамын оорубаныз.
+7
Nurmat8921
2021-02-06 03:25:18
Ооруп турган деле жакшы Камчы аке канчалык көп оорусак ошончо Аллахка жакын болобуз. Канчалык көп оорусак адам баласы ойлонот екенбиз соо жүргөн кунубуздун кадырына жетебиз. Адам ооруса өзүн алсыз екенин түшүнөт жана Аллахты тааныйт.
+11
bekbol2006
2021-02-06 11:06:31
Алла шыпаа берсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан