5-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Сатыбековдун жеке концерти өттү. Кечки саат 19:00дө башталган шоу концерт жандуу үн менен коштолду.
Чыгармачылык кечени "Беш тапан" куудулдар тобунун жигиттери колдоп келишти. Алар көрөрмандарга күлкү тартуулап, залды кыраан каткырыкка бөлөштү.
"Биз көп жылдардан бери Гүлжигит Сатыбеков менен таанышпыз. Ар бир концертин колдоп келебиз. Байкасаңыздар, агабыздын ырларынын көбү кайгылуу, армандуу, ошондуктан арасында күлүп да отурушсун деп концертке күлкү тартуулап келебиз. Ак менен кара бирге жүргөнү жакшы го", - дейт куудул Болсунбек Стакеев.
"Беш Тапан" куудулдар тобунун мүчөсү жана концерттин алып баруучусу Союзбек Сейтказиев буларга токтоло кетти.
"Программа жылдагыдай эле, болгону ичиндеги номерлерди жаңыладык, мисалы Гүлжигит Сатыбеков жаңы ырларын ырдаса биз өзгөчө жаңы сатираларыбызды элге тартууладык. Сатиралардын өзгөчөсү Чычкан жылын узатып, Уй жылын тосуп албадыкпы, ошол эки жаныбардын жолугуп сүйлөшкөнү, уйдун быйылкы жыл жакшы жылдардан болот деп ант бергени болду окшойт", - дейт ал.
Ырчынын сахнага чыгышын чыдамсыздык менен күткөн күйөрмандарынын сүрөөнү, дүркүрөгөн кол чабуулары дээрлик токтогон жок. Гүлжигит Сатыбеков күйөрмандарынын суранычы менен аккордеондун коштоосунда бир нече ырларын аткарып берди. Ар бир ырдан кийин гүл сунган күйөрмандарын ырчы "менин чыныгы күйөрмандарым, ал эми калгандары "от души" келгендер" деп күлдүрүп жатты.
"Жаңы чыгармаларым пандемия учурунда бир топ болуп калган, анын баарын чогултуп бир альбом кылып бүгүн элге тартуулап жатам. Айта кетчү нерсе, башкача толкундоо да болуп жатат. Балким, бул көптөн бери сахнага чыкпагандыкы болушу мүмкүн. Күйөрмандарым мени, мен аларды сагынып калыптырбыз. Концерт биз ойлогондой өтүп жатат".
Концерттик кечеге ырчылар Алмаз Шаадаев жана Анель келип ырдап кетишти. "Мага көп ийгиликтерди алып келген Гүлжигит Сатыбеков агабыздын "Эми мага баары бир" чыгармасы болду. Мен сыйлаган, урматтаган агабыз болгондуктан дуэт ырдоону да сунуш кылып көрдүм, жакынкы күндөрү жакшы жаңылык сиздерди күтүп турат десем болот", - дейт Алмаз Шаадаев