Ошто мурда соттолгон жаран ири өлчөмдөгү баңгизатты сатууга аракет кылганга шектелип кармалды

Ошто мурда соттолгон жаран ири өлчөмдөгү баңги заты менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлайт.
Белгилүү болгондой, 25-январда болжол менен саат 03:00 чамасында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын ыкчам кызматкерлери, “Шумкар” атайын багыттагы полктун кызматкерлери ири өлчөмдөгү баңги затын мыйзамсыз сатууга шектелген 1974-жылы туулган О.С. аттуу жаранды кармашкан.
"Шектүү мурда соттолгон. Ал кармалган учурда жанынан 3 килограмм 90 грамм салмактагы героин табылган. Милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, анын жашаган жеринен 950 грамм салмактагы гашиш алынган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат", - дешти маалымат кызматынан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан