SUPER.KG cайтынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү ыр, клиптерди сунуштап баяндоону улантабыз. Бул жолу ырчы Дайыр Исмадияровдун "Досторум" клиби тууралуу баяндайбыз.
Ырчы аталган клиптин сценарийин өзү жазганын, андагы балдардын баары чыныгы жашоодогу достору экенин айтат.
"Клиптин негизги мазмунун дос балдардын жолугушуусу түзөт. Бири дарыгер, бири спортчу, дагы бири журналист болуп иштеп, жумуш күнү аяктаган соң жолдоштор чогулуп бирге өткөргөн кызыктуу күндөрүн эскеришет.
Тартуу учурундагы кызыктарга токтолсок, түнкү клубду, болгону, үч саатка ижарага алганбыз. Анын бир сааты эле кечигүүлөргө кетип калды. Эми тарталы деп карасак столубуз бош. Анткени ал жердин ашканасы күндүз иштебейт экен. Бири салат алып келгени кетсе, дагы биринин көйнөгү бырышып, кайра үтүктөгөнү кетип калыптыр. Ошол жерден жинденгенимди айтпа. Кыздын жигитти жаакка чапкан жери бар да, убакыт тартышта ошол кадрды 20 жолу тарттык. Сонун эле чабат да, артынан күлүп жиберет. Тиги баланын бети кыпкызыл болуп чыкты. Ошентип, клипке тартам деп кыздарга жаакка чаптырып, досумду карап тура бердим", - дейт ырчы.
Дайыр Исмадияровдун "Досторум" клибин көрүү үчүн шилтеме.