Жети-Өгүз: Саруулуктар асмандан айланып өткөн тик учакты атып түшүрөбүз дешүүдө
Азыркы тапта Жети-Өгүз районунда митингге чыгып жаткан Саруу айылынын жашоочулары жерге конбой, асмандан айланып өткөн тик учакты атып түшүрөбүз дешүүдө. Бийлик өкүлдөрү келип сүйлөшүүнүн ордуна үстүбүздөн карап кетүүдө деп эл нааразы болууда. Айыл аксакалдары райондук администрациянын өкүлдөрү менен жолугуп, расмий өкүлдөрдү митингчилер менен жолугуштуруу үчүн Саруу айылына алып келишти.