Ар бир адам баласы уникалдуу деп айтылат. Кимдир бирөө ырга, бийге шыктуу болсо, кээ бири мыкты чыгарма жазып же болбосо мыкты сүрөт тартат. Бүгүнкү каарманыбыз ташка сүрөт тартып, жип менен мыктан атактуулардын портретин жасаган өзгөчө таланттуу Бегимгүл Жолдошбекова. Кичине кезимден эле сүрөт тартам деген сүрөтчү кыз ата-эненин колдоосу балага чоң дем болорун айтат. "Элимдин келечегине жараган кыз болгум келет" деген Бегимкүл учурда сүрөт академиясында 2-курста билим алат. Каарманыбыз менен келечек кыялдары тууралуу маектештик.
- Канча жашыңдан бери сүрөт тартасың? Кайсы жактан болосуң? Алгач эле өзүң жөнүндө толугураак айтып берсең.
- Мен өзүм Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагынын Кум айылынан болом. Учурда Бишкектеги Улуттук көркөм сүрөт академиясында 2-курста билим алып жатам. Жашым 20да. Сүрөт тартуу өнөрү кичинемден эле бар, бирок билимдүү сүрөтчү болгон баары бир башка да. Ошол себептүү өзүмдүн кызыккан тармагым жактан билимимди тереңдетейин деп окуп жаткан чагым. Мен негизи бала кезимден эле сүрөт тартам. Мектептеги дубал газеталар менин колумдан өтчү.


- Кыргызда "Аккан арыктан суу агат" деп коёт эмеспи, үй-бүлөңөрдө сенден башка дагы ушул өнөр менен алектенгендер барбы? Канча бир туугансың?
- Үй-бүлөбүздө чоң энем колунан көөрү төгүлгөн уз, чебер аял. Энем шырдак жасап жатканда жанына отуруп алып бул кандай, тиги кандай деп сурай берчүмүн. Ошол нерселер дагы менин бул тармакка шыктуу болушума түрткү болду окшойт деп ойлойм. Анын үстүнө чоң атам да архитектор болгон экен. Бизди тааныгандардын көбү эле "силердин уругуңарда бар да" деп айтып калышат. Биз беш бир тууганбыз, мен эң улуусумун.

- Жакындарың сенин бул өнөрүңө кандай көз карашта? Колдоп турушабы же кыз бала үчүн оор дешеби?
- Кандай иш болбосун бала үчүн ата-эненин колдоосу абдан чоң күч, дем болот. Жакындарың сени колдоп турса ошол нерседен ырахат алып, андан дагы жакшысын жасагың келет. Мени ата-энем ар тараптуу колдойт. Айрыкча атам өзгөчө колдойт, мага ишенет. Мен ошол ишенимди актоо үчүн абдан тырышам. Эң чоң эмгектеримдин бири үйүбүздүн короосуна тартылган мозаика сүрөт болду. Аны тартууда көптөр ишенишкен жок, толтура кафелдерди алып келип, аларды майдалап алып жасап чыктым да. Жөн эле чыгаша, убал кылып жатасыңар дегендер болду. Бирок атам "менин кызым жасайт" деп мага ишенди. Мен ошол нерсени жасадым.


- Чын эле үйүңөрдүн короосундагы сүрөттөр өзгөчө экен, ошол тууралуу кененирээк айтып берсең?
- Аны жаратуу мындан 2-3 жыл мурун пландалган. Мозаика - батышта илгертен эле калыптанган искусствонун бир бөлүгү. Ал атайын түстүү таштардан, кийинчерээк керамика плиткаларынан жасалат. Бизде андай материалдар жок экен. Атам экөөбүз сүйлөшүп, анан кадимки эле курулуш кафелинен жасап көрөлү деп чечтик. Анан түстүү кафелдерди издеп баштадык, аны жасоо үчүн кеминде эле 60-70 түс керек болчу. Аларды таап келгенден кийин жасоо да бир топ түйшүктүү болду. Жалпысынан ага төрт ай убактым кетти. Жалпы аянты 48, 50 чарчы метрди түзөт. Ар бир сүрөт өз өзүнчө, бири-бирин кайталаган эмес.


- Жип, мык менен да өзгөчө сүрөттөрдү тартат экенсиң. Аны көрүп буйрутма бергендер болобу?
- Жип, мык менен сүрөт тартуу стринг арт деп аталат. Бул жаатта алгачкы эле эмгегим улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портрети болду. Аны интернеттен көрүп жасап баштадым. Биринчи эле баштаганда көлөмүн чоң кылып баштап алыптырмын (күлүп). Бирок жыйынтыгы мен күткөндөн да абдан жакшы болду. Андан кийин эле Исхак Раззаков, Таттыбүбү Турсунбаева сыяктуу залкарлардын портреттерин жасадым. Келечекте үйүбүздү ушундай чыгаан адамдардын сүрөттөрү менен музейге айландыруу кыялым бар. Ал эми буйрутма бергендер болот. Аларга убактыма жараша жасап бергенге аракет кылам.



- Келечекте кандай план, максаттарың бар?
- Эң башкысы ата-энем мен үчүн уялбагыдай адам болгум келет. Алардын атына жалаң гана ыраазычылык айтылган кыз болгум келет. Бул менин эң чоң тилегим, максатым. Анан албетте кыргыздын сүрөт өнөрүнө өз салымымды кошуп, элимдин сыймыгы болсом дейм. Ар бир эмгегим өз күйөрмандарын таап, дүйнөлүк ареналарда сүрөт көргөзмөлөрүм уюштурулуп турса деген тилегим бар.


- Чоң рахмат!