Түштүк Корея бийлиги оорунун белгилери аныкталган мышык менен иттерди коронавирус инфекциясынын жаңы түрүнө каршы тесттен өткөрөт. Бул тууралуу Сеул шаардык мэриясынын өкүлү билдиргенин чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим бир нече апта мурун өлкөнүн түштүгүндөгү шаарлардын биринде үй мышыгы коронавируска чалдыкканы тастыкталгандан кийин кабыл алынган.
"COVID-19га каршы тестти ветеринардык дарыгер жетектеген дарыгерлердин мобилдик тобу өткөрөт. Текшерүүдөн жөтөл, температура, мурундун жана көз жашы аккан сыяктуу белгилери бар мышыктар менен иттер гана өткөрүлөт. Эгер үй жаныбарынын коронавирус менен ооругандыгы тастыкталса, аны ээсинин үйүндө же атайын мекемеде 14 күн карантинге алуу керек", - деп жазылат маалыматта.