Бүгүн Нарын облусунан Бишкек шаарындагы ооруканаларга көмөк көрсөтүү үчүн 21 медайым жөнөтүлдү. Маалыматты өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Борбор калаада коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны кескин көбөйүп кеткендигине байланыштуу дарыгерлер жетишсиз болууда. Медайымдардын жардамчы тобу облусубуздун бардык райондорунан жана Нарын шаарынан өз каалоолору менен кетишти. Буга чейин Нарын облусунда эпидемиологиялык кырдаал курчуп кеткенде дагы Бишкек шаарынан дарыгерлер жиберилген", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин өкмөт башчы Кубатбек Боронов Бишкек шаарындагы дарыгерлерге аймактардан 100гө жакын ыктыярчы-дарыгерлер көмөк көрсөтүү үчүн келерин айткан.