Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду

Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Президент Садыр Жапаров кол койгон буйрукка ылайык, Капаров Жаныбек Акматович Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары кызматынан берген арызынын негизинде бошотулду", - деп жазылат билдирүүдө.

Жаныбек Капаров Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары болуп былтыр, 10-октябрда дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан