Сузакта 3 баласы менен дайынсыз болуп, изделип жаткан келин балдары менен аман-эсен табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Кечээ, 9-февралда Сузак районунун 1991-жылы туулган Аттокур кызы Канзаада аттуу тургуну 3 баласы менен 15-январь күнү Жыгач-Коргон айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат жарыяланган.
"Бул маалыматтан кийин кайдыгер эмес жарандар тарабынан милицияга келин өзүнүн атасынын үйүнө кетип калганы тууралуу билдирүү түшкөн. Келин менен милиция кызматкерлери сүйлөшкөн учурда Ош шаарына эжесинин үйүнө кетип калгандыгын жана эч кимге доосу жоктугун билдирди", - дешти Жалал-Абад ОИИБинен.