Талас шаарынын тургундарына 10-октябрда өтүүчү митингге чакыруу барактары таратылууда. Муну аймактык кабарчыбыз Гүлназ Атантаева 8-октябрда кабарлады. Митинг Өмүрбек Суваналиевдин жетекчилигинде өтүп, анда "Жер-Үй" алтын кени, чек ара маселелери боюнча сөз боло турганы айтылууда. Уюштуруучулардын айтымында, ага 10 миңдей адам катышат.