Президент Садыр Жапаров 6 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
- Саламаттыкты сактоо, өлкөнүн финансы рыногун, агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар, мыйзамдарды инвентаризациялоо жана санарип технологияларды киргизүүнү активдештирүү жөнүндө жарлык;
- Саламаттыкты сактоо чөйрөсүн өнүктүрүү жана калкынын жашоосунун жана саламаттыгынын сапатын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө жарлык;
- Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу жарлык;
- Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар боюнча жарлык;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына инвентаризация жүргүзүү жөнүндө жарлык;
- Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар тууралуу жарлык.