Биз социалдык тармакта

Баткен облусунда жазгы айдап себүү жумуштары башталды (сүрөт)

Жаз эрте келген Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында 500 гектар кайрак жерге арпа себилди.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, облустун башка аймактарында да жер айдоо жумуштары кызуу жүрүп жатат. 2021-жылы облуста 9 миң 247 гектарга жаздык буудай, 11 миң 495 гектарга жаздык арпа себүү пландалган. Ошондой эле 1 миң 450 гектарга дан буурчак, 432 гектарга май өсүмдүктөрүн эгүү аракеттери көрүлүүдө.

"Негизи 2021-жылдын түшүмү үчүн жаздык жана күздүк себүүдө 30 миң 501 гектар жерге кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалган. Облуста жаздык айдап себүүгө айыл чарба техникалары даяр. Күйүүчү жана майлоочу майлар жылдагыдай эле дыйкандарга мамлекет тарабынан арзандатылган баада сатуу уюштурулууда", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда 2021-жылы жазгы талаа жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү максатында ыйгарым укуктуу өкүлдүн буйругу чыгып, пандемияга байланыштуу азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу, азык-түлүккө болгон бааларды турукташтыруу максатында айдоо аянттарын кеңейтүү, негизги керектелүүчү айыл чарба продукцияларын өндүрүү менен көлөмүн өстүрүүнү колго алуу, жер-жерлерде дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилген. Учурда жер семирткич, үрөндөр жергиликтүү базарларда сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munir81
2021-02-09 19:00:35
Саларка кымбаттады деп кошумчаласанар супер
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан