Президенттин басма сөз катчысы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берди

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Эрмек Нургазиев боюнча түзүлгөн кырдаалга комментарий берди.

«Коомчулуктун пикирин жана социалдык тармактардагы мамлекеттик кызматкердин беделине көлөкө түшүргөн ар кандай материалдардын жайылып жатканын эске алып, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров социалдык тармактардагы жеке баракчасында борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучуга байланыштуу маселеге пикирин билдирди. Ошону менен бирге кадрдык акыркы чечимди өлкөнүн премьер-министри кабыл аларын белгилейбиз»,- деп билдирди Галина Байтерек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан