БШК 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген жергиликтүү шайлоого катышуу үчүн катталган, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу жокко чыгарылган партияларга жана өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Чечим бүгүн, 9-февралда өткөн жыйында кабыл алынды.
Белгилей кетсек, шайлоо 5 шаарда жана 25 облуста өткөрүлүшү керек болчу. Күрөөнүн өлчөмү саясий партиялар жана бир мандаттуу адамдар үчүн ар кандай - 1 миңден 50 миң сомго чейин деп көрсөтүлгөн.
Ошондой эле БШК иш графигин бекитти. Шайлоодо 448 жергиликтүү кеңештеги 53 аймактык шайлоо комиссиясы иштейт. Анын ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен жергиликтүү кеңештерге жаңы шайлоону 2021-жылдын 11-апрелине дайындаган.