Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Жылдызбек Исакулов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Ал бул кызматта 2019-жылдын август айынан бери иштеп келген. Бүгүн, 9-февралда Жылдызбек Исакулов аппарат жыйынын өткөрүп, команда менен коштошкон.
“1,5 жыл ичинде автоматташтырууну киргизүү жана коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча бир топ иштер жасалды. Фонддун иши ачык-айкын болду. FUGI бюджеттик планды аткаруунун негизги милдетин аткарды. Демек, мындан ары дагы таза жана абийирдүү иштөө керек”, - деген Исакулов.
Фонддун башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп төраганын орун басары Ишенбек Медетов дайындалганы да маалымдалды.