Буга чейин Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов шаардагы эстакадалык көпүрөнүн курулушунда шаар тургундарынын өз каалоосу менен берген каражаттарын кабыл алуу боюнча атайын токтомго кол койгон эле. Буга байланыштуу банктык эсептер ачылган. Учурда эсептерге 116 миң сом түшкөнүн мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Токтомдун аткарылышын вице-мэрлер Алимжан Байгазаков менен Рустам Мирзаматов көзөмөлдөөдө. Акча которуунун эсеби: (атайын орусча берилди) Ошское РОК р/с 1290392382630017 МФО 129039 ОАО "РСК Банк" город Ош р/с 4407011213002886 код платежа 14238900