Сарууда митингчилердин биринин талмасы кармап жыгылды
Жети-Өгүздүн Саруу айылында жол тосуп турган митингчилердин биринин талмасы кармап жыгылды. Учурда ага райондук "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери жардам көрсөтүүдө. Эки жеринен тосулган Балыкчы-Каракол унаа жолу ачыла элек, топтолгондор талаптарын айтып турушат. Активист Саламат Маданбековдун сунушу менен сыйлуу конокко бара жаткан жүргүнчүлөр да ары-бери өткөрүлө баштады. Буга чейин жаш балалуу жана оорулуу жарандар өткөрүлүп жаткан эле.