Кыздары, курбусу менен жол кырсыгына кабылган ырчы Анжелика бүгүн, 10-февралда ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Эске салсак, Анжелика 23-январда жол кырсыгына кабылып, анын кесепетинен өзү жана 5 жаштагы кызы жаракат алганы маалымдалган. Ысык-Көл облусунун Түп райондук ооруканасынан кырсык тууралуу маалымат беришкен. 24-январда ырчыга шашылыш операция, 25-январда 5 жаштагы кызына операция жасалган.
Кийинчерээк, ырчынын улуу кызы Айымага да операция жасалары күтүлүп жатканы белгилүү болгон. Академик Сабырбек Жумабеков Анжелика балдак менен басып баштаганын, ал эми анын улуу кызы Айыманын моюн омурткасына операция жасалганын, абалы канааттандырарлык экенин билдирген.