Орусия эстрадасынын жылдызы Алла Пугачёва менен белгилүү телеалпаруучу Максим Галкин эгиз балалуу болушканын белгилеп 8-октябрда салтанат өткөрүштү. Иш-чарага атактуу жылдыздардын достору, жакындары, санаалаштары катышты. Галкин менен Пугачёванын баш кошкондоруна 12 жылдын жүзү болду. Эске салсак, эгиздер 18-сентябрда жалданма эне аркылуу жарык дүйнөгө келген эле. Эгиз ымыркайга Британия падышачылыгынын урматына Гарри жана Лиза деген ысым ыйгарылды. Пугачёванын айтымында, учурда бөбөктөрдүн ден соолуктары жакшы. Башкы дарыгер Марк Курцер:"11 жылдан бери Алла ушул нерсени ишке ашырууну каалап келген. Уулу кызына салыштырмалуу чоң, бою 50 сантиметр, салмагы 2,950 килограмм, ал эми кызынын салмагы 2,400 килограмм",- дейт.