Биз социалдык тармакта

"Иттерди атууга каршы". Бишкек мэриясынын алдында түштөн кийин экинчи митинг болуп өттү

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын алдында кароосуз калган үй жаныбарларын коргоо боюнча тынчтык митинги болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Айгерим Акерова билдирди.

Анын айтымында, мэриянын алдына шаардыктар жолбун иттердин атылышына каршы болуп, анын башка жолун, башкача айтканда, стерилдөө жана чиптөө сунушун киргизишкен.

Мындан тышкары, митингчилер эгер мэрияда кароосуз калган жаныбарларга баш калкалоочу жай курууга каражат жок болсо, анда алар эл аралык уюмдарга кайрылууга даяр экендигин билдиришти. Чогулгандар менен вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жолуккан. Ал иттерди атууга бир айлык мораторий жарыялаганын айтып, мессенжерлерде жумушчу топ түзүлүп, анда ушул маселелерди чечүү жолдору караларын убадалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
nazira...
2021-02-10 17:31:31
Ит эмес адамды деле атып салып атышат го, ит
аткандай кылып. Бирок коркосун кутурган ит тиштеп коюп атпайбы, аларды атыш керек да.
+4
rafo80
2021-02-10 17:38:08
Андан көрө кароосуз калган адамдарга жардам берсеңер.
+4
Burulsha
2021-02-10 18:20:35
Кайсы обу жоктор чыкты тан калам, жолбун иттер толуп кетти атсында.
+5
gul3ina
2021-02-10 19:27:04
Атыш керек ит атардын номери болсо жазып койгулачы ак ордодо иттер көп
+4
sabyr86
2021-02-10 22:30:15
Биз каршы эмеспиз ээси жок иттер атылсын.Ак Ордодо уй жайсыз иттер коп.Ар дайым эле курсактары ток эмес болгон учун колубуздан пакет талашкан учурлар болду.
+2
Belek1710
2021-02-10 22:41:21
Митингге чыккандар 5-6дан багып алышсын тандап, калганын атып салыш керек. Эртең бирөө жарымга асылса кутурган иттер, митингге чыккандар күнөлүү болсун.
+6
bond0202
2021-02-11 07:18:12
Ушул митингге чыккаедарды да кошуп атыш керек
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан